• +996 (3522) 50814
  • nsu@ktnet.kg
  • 722900, Кыргызская Республика, г.Нарын, ул. С.Орозбак 25
News
«TECH SPACE НМУ» IT БОРБОРУнун салтанаттуу ачылыш аземи

«TECH SPACE НМУ» IT БОРБОРУнун салтанаттуу ачылыш аземи

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Чет тилдери жана компьютердик системаларды программалоо колледжинде Борбордук Азия университетинин Тоолуу университеттердин өнөктөштүк программасынын колдоосу менен ачылган «TECH SPACE НМУ» IT БОРБОРУ нун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
«TECH SPACE НМУ» IT БОРБОРУН ачып берүү үчүн КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Хадича Шамбеталиева, Борбордук Азия университетинин ректору Кристофер Герри ошондой эле НМУнун ректорунун убактылуу милдетин аткаруучу Нурдинов Максат Сарбагышович, окуу иштери боюнча проректор Чоробаева Нарынкүл Абдыкалыковна катышышты.
Чет тилдери жана компьютердик системаларды программалоо колледжинин директору Осмонова Бермет Майрамбековна колледждин ишмердүүлүгү жана алдыдагы максаттары тууралуу айтып, колледждин IT тармагында билим алып жаткан студенттери тарабынан даярдалган долбоорлор көрсөтүлүп, суроо-жооптор менен улантылды. Студенттер тарабынан иштелип чыккан стартап-долбоорлор жактырылып, учурдагы долбоорлор жана биргелешкен программалар боюнча келечектеги кызматташуу пландары талкууланды.
«TECH SPACE НМУ» IT БОРБОРУНУН ачылуусуна салым кошкон Борбордук Азия университетине, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине ыраазычылык билдирүү менен келечекте дагы натыйжалуу кызматташтыкты улантуу үчүн аракеттер көрүлмөкчү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *