• +996 (3522) 50814
  • nsu@ktnet.kg
  • 722900, Кыргызская Республика, г.Нарын, ул. С.Орозбак 25
News
“Дени сак жаштар — жаркын келечек”

“Дени сак жаштар — жаркын келечек”

Волейбол – спорттун эӊ популярдуу жана жеткиликтүү массалык түрлөрүнүн бири. Таяныч-кыймыл аппаратын бекемдейт, муундардын кыймылдуулугун жакшыртат. Волейбол шамдагайлыкка, так кыймылдоого, кыймылдуулукка жана ийилчээктикке машыктырат. Волейбол ойноо балдарда жана чоӊ кишилерде тайманбастык, өжөрлүк, туруктуулук, тартип жана кырдаалдын өзгөрүшүнө тез реакция кылуу сыяктуу сапаттарды өнүктүрөт.

17- февраль күнү Чет тилдери жана компьютердик системаларды программалоо колледжинин 1-2-3- курсунун студенттеринен түзүлгөн командалар аралык “Дени сак жаштар — жаркын келечек” аттуу волейболдук мелдеш өттү. Достукту чыңдоого багытталган таймашта биздин колледждин студенттери эң жогорку дэңгээлде оюн көрсөтүп, 1-2-3- орундарды татыктуу ээлешип, мыкты оюнчу, мыкты команда, ж.б. сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *