• +996 (3522) 50814
  • nsu@ktnet.kg
  • 722900, Кыргызская Республика, г.Нарын, ул. С.Орозбак 25
News
АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ

АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетиндеги Чет тилдери жана компьютердик системаларды программалоо колледжи жана Борбордук Азия Университети менен биргеликте заманыбыздын белгилүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чарада Айтматовдун «Жамийла» повести боюнча даярдалган театралдык үзүндүлөр Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында студенттер тарабынан көргөзүлүп, Борбордук Азия Университетинде Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган «Ак кеме» тасмасында каармандардын образын жараткан адамдар менен жолугуу кечеси болду, жана Нарын мамлекеттик университетинде студенттер арасында сүрөт конкурстары, викториналар уюштурулуп жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылды. Мугалимдер жамааты, катышуучулар жана студенттер Ч. Айтматовдун чыгармалары жана анын басып өткөн жолу жогорку деңгээлде эскерилүүгө татыктуу деген ойлорун билдирип, уюштуруучуларга ыраазычылык айтышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *