• +996 (3522) 50814
  • nsu@ktnet.kg
  • 722900, Кыргызская Республика, г.Нарын, ул. С.Орозбак 25
News
23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү

Мындан туура 34 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

Мына, ошол күндөн бери, 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет. Бул күнү билим берүү мекемелеринде кыргыз тили боюнча ар кандай сынактар уюштурулуп, концерттик программалар менен коштолот. Ушул майрамды утурлай, мамлекеттик деңгээлде атайын иш-чаралар өткөрүлүп, кыргыз тилин өнүктүрүү, үйрөтүү маселелеринин тегерегинде талкуулар болуп турат. Бул күндү утурлай С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Чет тилдери жана компьютердик системаларды программалоо колледжинин 1-курстун студенттери тарабынан салтанаттуу маанайда белгиленди.

Урматтуу кесиптештер, студенттер жана жалпы кыргыз элибиз! Сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

 “Тил – улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт” – деп Чыңгыз Айтматов айтып кеткендей, биз ата-бабаларыбыздан калган эки куттуу, ыйык мурастарыбызды: бири – Ата мекенибиз Кыргызстан, экинчиси – эне тилибизди ыйык сактап, барктай билели!

Майрамыбыз кут болсун!!!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *