Химия, биология сабагынын окутуучусу Эсенгул кызы Жаннат 1-курстун студенттери менен «Элементтер өлкөсүнө саякат» аталышындагы химиялык ыр-кече сабагын өттү.
Студенттерди химия сабагына кызыктыруу, химиялык элементтерди күнүмдүк турмушта колдоно билүү ошондой эле студенттердин чыгармачылыгын арттыруу максатын көздөдү.
Аталган ыр-кече сабагында химиялык элементтер жөнүндө сахналаштырылган сценка, химиялык обондуу ырлар, кызыктуу тажрыйбалар жана оюндар көрсөтүлдү.


