«Impact SE» хакатон

«Impact SE» хакатону бул Кыргызстандагы үч аймактан келген таланттуу жана демилгелүү жаш новаторлор чогулуп, технологиялар жана жасалма интеллект аркылуу социалдык жана экологиялык чөйрөлөрдө оң өзгөрүүлөргө өбөлгө түзүүчү идеяларды биргелешип иштеп чыгуучу аянтча.

«Impact SE» хакатонуна Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын 100 катышуучу тандалып анын ичинде Нарын облусунан 7 команда катышты. С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети, «Чет тилдери жана компьютердик системаларды програмалоо» колледжинин студенттеринен түзүлгөн командалар 1-2-3-орунду камсыз кылышты.

Колледждин окутуучусу Жыргалбекова Керемет Жыргалбековна «Планета 2.0» командасы менен 2-орунду, колледждин «Компьютердик системаларды программалоо» адистигинин 3-курсунун студенти Шамшыбеков Байэл «Green Sparks» командасы менен катышып 3-орунду ээлешти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *